Баткен облусунун башчысы "Зардалыны туристтик жайга айландыруу керек" дейт

Баткен облусунун башчысы Абиш Халмурзаев айтылуу Зардалы айылына барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын айтымында, айылда туруктуу 28 кожолук же 128 адам жашаганы менен, эрте жазда калктын саны 1500 кишиге чейин көбөйөт. Себеби айыл өкмөттөгү жашоочулардын жайыттарынын көбү Зардалыда жайгашкан. Ошондуктан жаздан кеч күзгө чейин 3 миң бодо мал, 20-30 миң кой-эчки Зардалынын жайыттарында болот.

Облустук администрациянын маалыматына таянсак, Зардалынын Шудман тилкесинде жайгашкан ден соолукту чыңдоочу "Жылуу-Суу" профилакториясына келген эс алуучулардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Жай мезгилинде өлкөнүн ар кайсы аймагынан 3 миңге жакын киши келип дарыланат. Жолугушууда Халмурзаев айылдын инфраструктурасын оңдоого, жолду оңдоо жана электр энергиясын жеткирүүгө жергиликтүү бийлик аракет кыларын, келечекте Зардалыны туристтер кызыга турган жерге айлантуу зарылдыгын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
chet-kyzyl
2016-08-06 16:53:13
Кана эми ошентсенер
+2
Tansuluu09
2016-08-06 18:30:36
Суротун жуктоп койсо болмок экен
+1
Labadax
2016-08-06 18:40:20
Зарыл ишин жок болсо,Зардалыда бок барбы дегендей,Зардалыга барыш кыйын го.
+10
KG.Kushtarbek
2016-08-06 19:35:59
Оооууууу пачти кыргызстандын конечныйы Бирок Зор жер
+1
KGstan1981
2016-08-06 19:51:37
Абиш Халмурзаев Кызыл-Кыя шаарында мэр болуп турган кезде шаарды аябай онуктурду.Мен ишенем Халмурзаев Баткен областын онуктуруго чон салым кошот.
+1
Durdana
2016-08-06 20:13:33
иш жузундо аткарылсын эми
+2
maestro123
2016-08-06 20:18:28
Ошентсе жакшы болмок .
+1
Parish
2016-08-06 21:52:37
Жакшы ой бирок ошо Зардаалыда жашагандардын
тричилигин ондоп анан туристтерди тартса болот.
+2
nurdaana
2016-08-06 22:39:40
Урматтуу админ,Эгер Зардалынын суротторунон болсо жуктоп койсонуздар?
0
nabi89
2016-08-06 23:33:47
Болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан