Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева 6-августта Бишкек шаарындагы жаңыланып жаткан Мамлекеттик тарых музейине барды.
Өкмөттүн маалымат кызматына таянсак, оңдоо иштеринин биринчи баскычында музейдин имаратынын "Ала-Тоо" аянтына чейинки аймактагы фасадынын жарыктандыруусун өзгөртүү пландаштырылууда. Экинчи баскычында музейди реконструкциялоо иши толугу менен жыйынтыкталат. Учурда реконструкциялоо иштери белгиленген графикте жүрүп жатканы айтылды.
Кудайбердиева музейде жакында чыккан өрттүн келтирген зыянын аныктоо боюнча комиссия түзүү жана реконструкциялоо учурунда музейдин Алтын фондун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында убактылуу жайгаштыруу тапшырмасын берди.
Мамлекеттик тарых музейи 1925-жылы негизделип, заманбап имарат 1984-жылы курулган. Музей Борбор Азиядагы ири объектилердин катарына кирет, анда 135 миңге жакын артефакт жана өлкөнүн тарыхый жана маданий эстеликтери сакталат.