ЭЛДИК КАБАР: Кочкор районунда унаалар жай жүрсүн деп коюлган дөңсөөлөрдү айыл тургуну казып салды
Кочкор районунун Исакеев айылындагы Исакеев көчөсүнө коопсуздук үчүн коюлган жол дөңсөөлөрүн айыл тургуну казып салды. Маалыматты 6-августта окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. Анын айтымында, бул дөңсөөлөр мектептин жанына атайын коюлган.
"Бир жыл мурун автоунаа катуу баратып аварияга учурап бир адам каза болгондон кийин орнотулган эле. Эми ал жерден өткөн окуучуларга кооптуу болуп калды. Дөңсөөнү Куку аттуу тургун казып салган. Эмнеге казып салганы белгисиз. Айылдыктар айтып-айтып, акыры унчукпай калышты. Айыл башчыбыздан болсо дайын жок. Мындай иштерге бирөө-жарым чара көрөбү?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.