Үркүндүн 100 жылдыгына карата 27-августта 100 чакырымдык эстафеталык марафон уюштурулат. Бишкек шаарынан башталган марафон Боом капчыгайындагы "Үркүн" эстелигинин жанынан аяктайт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
100 чакырым аралыкты чуркап өтүүнү каалаган биринчи топ Бишкектен саат 9:00дө стартка чыгат. Аларга кошулуп 10, 5 жана 1 чакырым чуркайм дегендер шаарга кирүүдөгү айланма жолдон кошулcа болорун айтышат уюштуруучулар.