SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мурдагы сүйүктүүлөрүбүздү эстейбиз" деген тема талкууга алынууда.
Теманы ачкан колдонуучунун суроосу:
"Мурда сүйлөшүп жүргөн жигитиңер же кызыңар менен урушканыңарга өкүнбөйсүңөрбү?"
Темага калтырылган жооптор:
"Бир жагынан өкүнгөм, бир жагынан сүйүнгөм десем да болот. Көбүрөөк өкүндүм окшойт. Ошол себептен мурда сүйлөшкөнүм менен азыр кайра жарашып алгам".
"Мурдагы сүйгөнүмдү эстесем ичимден эзилип, ыйлагым келип кетет. Эх, жашоо... Ал жигит акылдуу, жылдыздуу, бою узун, тулку бою келишимдүү, күлсө жүзү кошо күлгөн бала болчу. Аябай кызганчумун, себеби ага жабышкан кыздар көп эле. Эң жаманы, көп иччү. Ошонун айынан урушчубуз. Күнүгө эле мас болчу эмес, тойдо, отуруштарда ичип баса албай калганда уялчумун. Жалдырап, жалбарып кечирим сурап кайра сүйлөшүп калчубуз. Ата-энем каршы болду, айла жок мамилени үзүүгө туура келди. Телефон чалып, жазып жүрдү, бирок мен жооп берген жокмун. "Сен мени алкаш деп таштап кеттиң, сени жоготконум үчүн күчүмдү арактан чыгарып жатам" деген билдирүүлөрүн жазып жибериптир. Ыйлап, ыйлап 5 жыл өттү. Ал жок көнүп деле калдым, бирок эсимден чыкпайт. Азыркы жашоосу эмне болуп жатат деп көп ойлойм. Турмуш куруп, балалуу болуп, бактылуу жашап жатса экен деп тиленем. Мен азыркы жашоомо өкүнбөйм. Жолдошум мени сыйлап, эч кимге алмаштырбай, урбай-сокпой, эч нерседен кем кылбай карап жатат. Өткөн сүйүү өттү, кетти. Азыр бала-чакалуу келинмин. Эми сүйүүм бир гана балдарым, жолдошум үчүн".
"Менин мурдагы жигитим акыркы жолу "бактылуу бол, карындашым" деп коштошкон".
"Кайсы бирин эстеп отурайын, бүгүн бирөөсү менен коштошуп, эртең 12 кыз менен таанышып жатсам... Мурдагы күндөгүлөрдү эстей албайм. Эстегенге убактым да болбой калып жатат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.