Орусия шоу-бизнесинин жарык жылдыздарынын бири, хип-хоп стилиндеги хит ырлардын жаратуучусу Егор Крид Ош шаарында болгонун жана "аш" жегенин өзүнүн Instagram баракчасында 7-августта маалымдады. Анда “кечки тамак тоюмдуу болду, палоо сөз жок даамдуу” деген пикир жазылып, #ОШ аттуу хештег менен толукталган.
Ошондой эле интернетте Егордун концертине күбө болгондордун видеолору дагы тарады. Ал жакта ырчы өзүнүн дайыма кийип жүргөн кара шляпасы менен ырдап жатканын көрүүгө болот.