КҮНСЕРЕП: Баш мыйзамды өзгөртүү: Депутаттар макул, ал эми аларды шайлаган элчи?

Бүгүн, 8-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

“Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү үчүн референдум жөнүндө мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин 87 депутаты колдоду”. Мындай маалыматты парламенттин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев билдирип, колдогон депутаттардын фамилиялары аппараттын тийиштүү бөлүмүндө экенин айтты. Айрым депутаттар макул же каршылыгын дагы эле чече элек. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси арабаны аттын алдына коюп албадыбы? Баш мыйзамды өзгөртүүгө тийиштүү мыйзам долбоорлору азырынча коомдук талкууда. Адатта долбоорлордун тагдыры парламенттин пленардык жыйындарында чечилет. Депутаттардын канчасы колдоп, канчасы каршы болгону конкреттүү мыйзамга добуш берүү процессинен кийин гана белгилүү болот. Ага чейинки долбоорго карата айтылган жакшы пикирлер, тилектештиктер расмий түрдө “колдоду” дегенди билдирбейт. Көпчүлүк депутаттар демилгени колдой турганын алдын ала айтышып, кол коюп беришкени ырас. Бирок чыныгы талкуу депутаттар каникулдан келгенден кийин башталат, коомдук пикирдин күчү да ошондо даана билинет. Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикир айткандардын айрымдары укук коргоо органдарынын кысымына алынып жатканын айтышууда.

Депутаттар жапырт колдоду делинип жаткан демилгеге коомчулук башкача ойдо. SUPER.KG порталы бүгүн "Конституцияны өзгөртүүгө зарылчылык барбы?" деп Бишкек шаарынын тургундары арасында сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү Конституцияны өзгөртүүнүн эл үчүн пайдасы жок экенин айтышты. "Бийликтеги күчтөр өз кызыкчылыктары үчүн гана Баш мыйзамды өзгөрткөнү жатышат", "буга чейин да Конституция бир нече жолу өзгөргөн, бирок эч кандай жакшылыкка алып келген жок", "Американын Конституциясы эч өзгөртүлгөн эмес, биздики болсо оюнчук болуп калды..." деген жооптор болду.

Коңшу Казакстанда түрк диний аалымы Фетхуллах Гүленге тийиштүү бардык мектептер текшерилет. Анкарага расмий иш сапары менен барган Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ушундай билдирүү жасап, кыйын күндө Түркияны колдоого даярдыгын айтты. “Биз Түркияны коркутуп жаткандардын эч кимисин колдобойбуз. Мектептерди текшерүүнү макулдаштык, эгерде алардын терроризм менен байланышы далилденсе, биз Түркиянын талаптарын толугу менен аткарабыз”, - деген Назарбаев түрк мектептеринде билим берүүнүн сапаты жогору экенин белгиледи. Ушундай эле пикирди жакында журналисттер менен жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев да билдирген. Кыргыз лидери мектептерди текшерүүгө эмес, Гүлендин уюмуна таандык билим берүү мекемелеринин сапатына көбүрөөк басым жасап, Эл аралык “Себат” лицейлер тармагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин стандартына ылайык иштеп жатканын айтты. Кыргыз жеринде өлкө жетекчиси эки татаал тандоодо калганын айткандар арбын. Биринчиси – Кыргыз өлкөсүндөгү түрк лицейлеринин сапаттуу билим берүү системи, экинчиси – Түркия менен Кыргыз мамлекетинин жакын өнөктөштүк жана достук мамилеси. Мындайда экөөсүнүн зыяны азыраагын тандоо керек болот. Казак ажосу бул тандоодо Эрдоганга ыктады көрүнөт...

“98 кытайлык жаранга кыргыз паспортун жасап берген” деп айыпталып Түркияда кармалган эки жаран Кыргыз Республикасына алынып келинди. Кармалгандардын экөөсү тең кыргыз жарандары, алардын үстүнөн “мыйзамсыз миграция уюштуруу”, “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү иштери жүрүүдө. Эске салсак, 18-май күнү Кытайдын Үрүмчүсүнөн Түркиянын Стамбул шаарына келип, андан ары Сауд Арабиянын Жидда шаарына умра (кичи ажылык) сапары үчүн бара жаткан 98 уйгур Кыргыз Республикасынын жасалма паспорттору менен кармалган. 98 уйгурга паспортторду аэропортко 4 киши алып келип берген. Тергөө иштеринде ар бир уйгурдан жасалма паспорт үчүн 2500 евро алышканы белгилүү болгон.

Мыйзамсыз миграция уюштуруу кылмыштары көбүнчө өлкөнүн сыртында катталып, ишке орношо албай кыйналып жүргөн мекендештерибиз курмандыкка айланат. Мисалы, 2014-жылдын январында Москва шаарында 34 жаштагы кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголгон. Ал "Кыргыз Республикасынан барган 10 жаранды өлкөдө мыйзамсыз жүргөнүн билип туруп жумушка орноштурган" деп айыпталган. Кылмышка шектүүгө Орусиянын мыйзамдары боюнча 300 миң рубль, же 2 жылга чейин коомдук жумуштарды жасоо боюнча айып салынат же 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылган. “Мыйзамсыз миграция уюштуруу” беренеси менен айыпталгандарга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинде 50 миллион сомго чейин айып салуу же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Ал эми “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренеси боюнча 50 миллион сомго чейин айып салуу, 120 сааттан 180 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу же 2 жылга чейин эркинен ажыратуу нормасы каралган. Мындай ири кылмыш менен кармалгандардын бул 98 паспорт биринчи кылмышыбы же эчак көмүскө чоң схемага айланып кеткенби?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан