Тарых жана маданият жылынын алкагында Баткендеги “Токтогул олуя” зыярат кылуучу жайын реконструкциялоо үчүн марафон өткөрүлөт. Демилгени өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү көтөрүүдө. Облустук администрациядан 9-августта билдиришкендей, аталган жайдын абалы менен облус башчысы Абиш Халмурзаев таанышып келди.
"Токтогул олуя азыркы Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында жашап, өз мезгилинин алысты көргөн көрөгөч, акылман, олуя инсаны болгон. Тарыхый инсанды түбөлүк калтыруу максатында 2003-жылы марафон өткөрүлүп, сыйынуучу жай уюштурулган. Зыярат кылуучу жайда күмбөзү жана таш жайнамазы бар. Ошондой эле ал ааламдын сырын билген, Баткендин жаралышын айткан киши болгон", - деп билдиришти администрациядан.