Бишкек шаарында коомчулукту жаратылыш менен айкалыштырган жаңы көлөмдүү сүрөт пайда болду

Бишкек шаарында бүгүн, 9-августта коомчулукту жаратылыш менен айкалыштырган жаңы көлөмдүү сүрөттүн ачылыш аземи өткөрүлдү. Бул сүрөт Бишкектеги "BASIC COLORS" тобу тарабынан тартылган.

Топтун мүчөсү Виктор Цойдун айтымында, жаш баланын жаратылыш койнунда жаңыдан өсүп келе жаткан гүлгө болгон камылгасын чагылдырган көлөмдүү сүрөттү дубал бетине түшүрүүгө 5 күн убакыт кеткен. Ал эми долбоорду даярдап, эскизин чийүүгө дагы 5 күн убакыт кеткен. Жалпысынан 10 күн аралыгында "Жашыл, музыкалуу Бишкек" долбоору даяр болгон.

Сүрөттө жаш баланын музыка угуу менен бирге жаратылышка аяр мамиле жасап, гүлдүн тамырын топуракка көмүп жаткан элеси берилген. Жаш баланын мындай аракетин канаттуулар колдоого алып, кубанып жатканы чагылдырылган.

Тартылган сүрөттүн бийиктиги жана туурасы 9 метрди түзөт. Сүрөт унаа сыры менен кооздолуп сырдалган. Аталган топто жалпы 6 адам иштеген.

"Күндүн ыссыгында сүрөт тартуу абдан оор болду. Бул биздин экинчи долбоорубуз. Буга чейин биз тазалыкка үндөгөн граффити тартканбыз. Алдыда балдарды коргоо, билимге умтулуу темасында жаштарды тарбиялык жолго салган сүрөттөр тартылат. Бул кадамдарыбыз шаарды өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенем", - деп билдирди Виктор Цой.

"BASIC COLORS" тобу буга чейин Германияда өткөн граффити боюнча фестивалга катышып келген. Мындан ары аталган топ эл арасынан идеяларды сунуштагандар менен иштешип, кызыктуу деп тандалганын иштеп чыгып, коомчулукка жарыялоону мерчемдөөдө.

"Бул сүрөт Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын окуучуларын гана эмес, жалпы шаардыктардын сезимин ойготкон эмгек болду. "BASIC COLORS" тобу бош турган дубалга сүрөт тартууга уруксат сурап калды. Биз кубануу менен кабыл алдык. Эми жаңы окуу жылы башталса, окуучулар тарбиялык маанисин кабыл алып, сезиминде ойгонуу пайда болот деп турабыз. Анткени бул сүрөт жалпы коомчулукту жаратылышка аяр мамиле жасоого үндөп турат", - деп билдирди Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын директору Тентимиш Мураталиев.

Маалым болгондой, аталган долбоор Бишкек шаарында экинчи жолу ишке ашып жатат. Алгач жашоочуларды шаарды таза кармоого үндөгөн чакырык менен шаардагы Улуттук компьютердик гимназиянын имаратына сүрөт тартылган.

"Советтер Союзунун убагында Фрунзе шаары "жашыл борбор" деген наамга татып келген болчу. Ошондогу сыймыктуу атты кайрадан кайтаруу максатында аталган топ менен иштешүүнү улантып жатабыз. Сүрөт тартып, жарандардын аң-сезимин ойготууну максат кылганбыз. Ошол эле учурда бак-дарактарды кыйбай, аларга аяр мамиле жасап, "Жашыл, музыкалуу Бишкек" деген сыймыктуу атты коомчулукка жарыялагыбыз келген", - деп билдирди Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Гуля Алмамбетова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Agysha
2016-08-09 18:14:25
Сонун тартылыптыр!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан