Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 16 миллиард 457 миллион метр куб болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 783 метр кубга, агып чыккан суу секундасына 331 метр кубга жетүүдө. Былтыр бул маалда суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 988 миллион метр кубду түзгөн.