СУПЕРСТАН: "Жолдошум экөөбүз романтикасы жок эле турмуш куруп кеткенбиз"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мага турмушка чыкчы!" деген тема талкууга алынууда.

Теманы ачкан колдонуучунун суроосу:

"Кыздар, өмүрүңөрдө жан шеригиңер биринчи жолу кандай жагдайда колуңарды сураган? Ошол мезгилде кандай сезимдер болгон?"

Темага калтырылган жооптор:

"Жолдошум мени жактырып калып, ал жөнүндө жеңесине айтыптыр. Жеңеси кайненеме, кайненем үйгө барып атама айтыптыр. Атам макулдугун берип, "эң кенже кызым, тагдырын өзүм чечем" дептир. Мен капа болуп жүрдүм, бирок атама каршы чыга алган эмесмин. Анан жолдошум экөөбүз той болоруна бир аз убакыт калганда бир жолугуп, сүйлөшөлү деп чечтик. Сүйлөштүк, ал мага "мен сага сөзсүз үйлөнөм, сенде болгон кемчиликтерди айтпайм, өзүм багам, иштебейсиң" деп айткан. Азыр көп романтика тартуулайт, ошондо "турмушка чыкпайм" деп айткан сөздөрүмө азыр каршымын. Мен азыр балдарымдын атасысыз жашоомду элестете албайм".

"Менин туулган күнүмдө жолдошум дайым жолугушуп жүргөн жерибизге "туулган күнүңдү тособуз" деп чакырып калды. Анан мага белек ала келиптир. Бир кутуча берди, ичин ачсам шакек менен телефонду кубаттай турган каражат бар экен. Анан шакекти колума салып, "Мага турмушка чыгасыңбы?" деген. "Бул каражатты эмне кылам?" десем, "иштетесиң" деген жообун берген. Менин телефонума мындай каражат туура келбей турганын айтсам, жаңы телефон берген. Бирок жолдошум экөөбүз тең романтик эмеспиз, эргүү келгенде гана бир нерселерди баштай калабыз".

"Менин жолдошум келип эле "мага турмушка чыгасыңбы, мен сени алам" деген. Мен ага аны тааныбай турганымды айтсам, "сен баары бир менин жубайым болосуң" деген".

"Бизди ата-энебиз бири "ошол кызга үйлөнөсүң" десе, бири "ошол балага турмушка чыгасың" дешип эле мөөр басып коюшкан. Романтикасы жок эле турмуш куруп кеткенбиз, дегеле экөөбүз тең романтик эмеспиз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
keba300989
2016-08-09 17:37:28
Каяктагы романтик Мен жактырган кызыма, сен жок дейсинби мейли дейсиңби эртең менин үйүмдөгүлор барат даярданып тур дегем, ал шок болуп ата-энесине айткан экен алар мени сураштырып анан 2 күндөн кийин келишсин деген ошо менен той.
+2
mikoo
2016-08-10 10:25:13
Менде кандай болот экен ээх...
+1
DNurgiza
2016-08-10 11:08:39
ээххх....ошол күндөргө кайра барсамчы......... күндүз бири бирибизди таанып, түндө эле "үйлөнсөк кандай болот? -деп сунуш киргизген... ...7ай кыз жигит б.п жүрдүк....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан