Орусиянын Алабино кыштагында "Танк биатлону" мелдешинде кыргыз танкисттери жарым финалга өтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын катчылыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз танкисттер тобу Кытай, Армения жана Ангола өлкөлөрүнүн танкисттери менен күч сынашат. Аталган мелдеште Европа, Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүнөн 17 команда күч сынашууда.
Маалым болгондой, мелдеш учурунда Кыргыз Республикасынан барган танк суудан өтүп баратып кокусунан өчүп калган. Буга чейин мелдешке катышкан танктар түрдүү түстү алышкан. Чүчү кулак боюнча Кыргыз өлкөсүнүн танктарына кызыл түс тийген.