"Ахмадия” жамаатынын ишенимдери салттуу диндин ишенимдерине каршы келет", - деп билдирди SUPER.KG'ге диний эксперт Кадыр Маликов. Анын айтымында, мындан улам мамлекет тарабынан каттоого алынган эмес. "Муфтият да ал жамаатты туура эмес агым деп тапкан”, - деди ал.
Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынан: “Бул жамаат ХIХ кылымдын аяк ченинде Индияда түптөлгөн. Аны жетектеген Мирза Гулум Ахмад аттуу адам башында өзүн “имам Махди”, кийин “Иса пайгамбармын” деп атаган”, - деп билдиришти.
Көпчүлүк ислам өлкөлөрүндө “Ахмадия” жамаатынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Ал эми Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы бул уюмду мурда каттоого алып, кийин каттоодон алып салган.
Айта кетсек, буга чейин диний ишмер Чубак ажы Жалилов “Ахмадия” жамааты боюнча айткан сөзү үчүн Оштогу Тергөө башкармалыгына суракка чакыртылган эле.