Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан өз ишин так аткарбаган, кызматтык абалынан пайдаланган, коррупциялык көрүнүштөргө жол берген муниципалитет кызматкерлери тууралуу маалымат берүүгө чакырды.
Мэриядан кабарлашкандай, 2015-жылдын июль айында мэриянын борбордук аппаратында Укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү жана коррупцияга каршы чара көрүү бөлүмү ачылып, коррупциялык көрүнүштөрдү жана коркунучтарды өз алдынча таап чыгып, материалды укук коргоо органдарына тапшырып келет. Ошол эле учурда коррупция маселеси боюнча УКМК, ИИМ, прокуратура менен бирдиктүү аракет көрүлүп жатат.
Бир жылдан бери бир топ системдик тартип бузуулар ачыкка чыгып, тапшырылган материалдар боюнча кылмыш иштери козголгон.