"Москва-1980" Олимпиадасында оор атлетика боюнча алтын медаль тагынган Каныбек Осмоналиев "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында коло медаль уткан Иззат Артыковдун ийгилиги тууралуу ой бөлүштү. Спорт баяндамачысы Кабыл Макешов билдиргендей, К.Осмоналиев Иззаты келечектеги Олимпиада чемпиону катары көрөт.
"Иззат Артыков ак жолтой болду. Кеп-кеңешимди айтып, тактиканы кандай жүргүзүп, психологиялык жактан даяр бол дегем. Оор атлетикага зор салым кошкон Молдодосовдордун көп жылдык аракетинин үзүрү, жыйынтыгы жакшы болду. Иззат жаш, анын келечеги дагы алдыда. Тажрыйба топтоп, чеберчилиги өсүп, такшалды. Эми Иззат дагы жакшылап даярданса, 2020-жылы Токиодо өтчү Олимпиадада чемпион болоруна ишенип турам", - дейт Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону жана Олимпиаданын алтын медалынын ээси.