Өлкөдө аскер кафедраларын жоюуга эмне себеп болгону түшүндүрүлдү

Аскердик кафедраларга студенттерди тандоо жана аларды окутуу коррупциялык көрүнүштү алып келет. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта маалымат жыйынында Мобилизациялоо башкармалыгынын башчысы Сыргак Болобаев билдирди.

Анын айтымында, аскердик кафедраларды жоюу окутуу менен байланышкан коррупциялык көрүнүштү жоюу менен бирге аскерге чакырылган жогорку билимдүү жарандардын санынын көбөйүшүнө алып келет. "Жогорку билимдүү жарандардын тиешелүү адистиги, жашоо тажрыйбасы бар болгондуктан, армиянын күжүрмөн даярдыгы дагы көтөрүлөт", - деди Болобаев.

Мындан тышкары ал жыл сайын канча офицер чыгарылып жатканын баса белгиледи.

"Кыргыз Республикасынын Аскердик институту жана башка чет өлкөлүк аскердик окуу жайлардан 130-150 офицер чыгарылат. Өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн катарынан ар кандай себептер менен орточо 100-120 офицер бошотулат. Көрсөтүлгөн сандар бир жылда запастагы офицерлердин санын толуктоого жетиштүү", - деп маалымдады Болобаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
abusait
2016-08-10 12:12:27
Эн тура чечим.
0
talant87
2016-08-10 12:16:07
кимдир биро дагын киргизет акча чонда бул жерде
0
argen.96osh
2016-08-10 12:26:57
ар бир мектепти буткон баланы жонотуш к.к озу
0
skarpion-90
2016-08-10 12:45:36
Мен 100 пайыз кошулам аскердик кафедраны жойгонго офицер деген кыйынчылыктарды көрүп жашоонун өйдө-төмөнүнө чыдагандай болуш керек.
+1
expert.007
2016-08-10 13:05:20
Туура кылышыптыр. Коррупциянын очогу ошол жер эле.
0
Zanzibara
2016-08-10 13:23:41
Бир ирет да жоюп кайра эле ачып алышкан. Бул жолу көрөбүз го кантишээр экен. Эгерде кайра эле ачылып кетишсе бизнестин бир түрү экенин далилдеген болушат)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан