Казакстандын Алматы шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бет ачар аземи болгонун 10-августта оюндарды өткөрүү боюнча катчылыктан кабарлашты. Азем катчылык менен Казакстандагы “Көчмөн цивилизациясынын мурасы” Эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Иш-чарага Казакстанда аккредитацияланган чет өлкөлөрдүн дипломатиялык корпустарынын өкүлдөрү, Казакстандын ММКлары жана туризм агенттиктери катышты.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү катчылыгы иш-чарага келгендерге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын максаттары тууралуу айтып, дүйнөдөгү көчмөн элдердин цивилизациясынын тарыхый жана маданий мурасын жандандырууда алардын мааниси жана орду канчалык деңгээлде болгондугу тууралуу баяндама жасады.
"Оюндарга аккредитацияланган мамлекеттердин жана ММКлардын саны Көчмөндөр оюндарынын атактуулугу улам өсүп бара жатканынан кабар берет. Мындан сырткары оюндар эл аралык колдоого алынып, кенен алкакта таанылып жатат. Бул көрсөткүч долбоордун андан ары да өнүктүрүлүшүнө жана келечекте көчмөн элдердин эл аралык олимпиадалык оюну болуп калуусуна негиз салууда", - деп билдиришти катчылыктан.