Чаткал районунун Терек-Сай айылында ылай суу каптаган 26 турак жайдын короосу тазаланып, сел кесепеттерин жоюу аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Терек-Сай айыл аймагынын жооптуу катчысы Буужан Анарбаева билдирди.
Маалым болгондой, 6-август күнү нөшөрлөгөн катуу жаандан улам саат 17:20лар чамасында сел жүргөн. Натыйжада жаратылыш кырсыгынан аймактагы Чымканаев атындагы орто мектебинин короосун ылай суу жана шагыл каптаганы белгилүү болгон.
"Терек-Сай айылында жалпы 26 турак жайдын короосун ылай суу каптаган. Ал эми Ынтымак көчөсүндө 4 үйдүн ичине ылай суу кирген болчу. Бир үй жараксыз абалга келип, дубалы түшүп калган. Ал эми дагы 4 үй айыл өкмөттүн көзөмөлүндө турат. Учурда сел кесепеттерин жоюу толугу менен жыйынтыкталды. Келтирилген чыгымды тактап чыгуу Чаткал суу чарба башкармалыгына жүктөлгөн. Учурда эсептөө иштери жүрүүдө", - деп кошумчалады жооптуу катчы.
Белгилей кетсек, Терек-Сай айылындагы сел электр чубалгылары тартылган мамыларды да кулатып кеткен.