Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган IV Ачык талаа оюндарына Кыргыз Республикасынан 2 жаш геологдор командасы катышууда. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы маалымдады.
Жарыш 5-августта башталып, 14-августка чейин Казакстандын Акмол облусундагы Катаркөл айылындагы балдарды дарылоочу жайда уланары маалым болду.
"6-августта Жаш геологдор Олимпиадасынын ачылышы болду. Анда кыргыз делегациясы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов менен биргеликте катышты. Олимпиадага 21 команда катышса, Кыргыз жергесинен 2, Орусиядан 3, ал эми калгандары казакстандыктар. Учурда кыргыз командасынын бири 5-орунда, экинчиси 7-орунда турат", - деп айтылат басма сөз кызматтын маалыматында.
"Жаш геологдор Олимпиадасынын негизги максаттары - геологияны илим катары жайылтуу, жаштарды бул адистикке тартуу, катышуучуларды геологиялык илимдерди изилдөөгө кызыктыруу, шыктуу балдарга колдоо көрсөтүп, тоо-кен тармагындагы кадрларды дайындоо", - дешет уюштуруучулар.
Программада ар кандай геологиялык дисциплиналар боюнча жарыштар каралган. Андан сырткары маданий, спорттук иш-чаралар, сүрөт сынактары өткөрүлөт.