Эми паспорттун даярдыгын же жарактуулугун онлайн режимде текшерсе болот

Паспорт алуу үчүн документ тапшырган жарандар Мамлекеттик каттоо кызматынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан онлайн режиминде паспорттун даярдыгын, жарактуулугун же жараксыздыгын текшере алышат. Бул тууралуу МККнын басма сөз кызматы бүгүн, 10-августта билдирди.

"Бул кызматты колдонуу "Улуттук паспорттордун мамлекеттик реестри" автоматташтырылган маалыматтык системин ишке киргизүүдөн улам мүмкүн болуп калды. Систем жарандардын паспорттору боюнча бардык актуалдуу маалыматтарды камтып турат", - деп билдиришти басма сөз кызматы.

Мындан сырткары паспорттун даярдыгын Калкты тейлөө борборлоруна келбестен билүүгө мүмкүндүк бере турган функциясы ишке ашырылган.

"Эгер документ тапшырып жатканда уюлдук телефонунун номерин көрсөткөн болсо, паспорттун даярдыгы тууралуу маалымат автоматтык түрдө СМС-билдирүү менен жөнөтүлөт. Бул кызматты 2015-жылдын ноябрь айында жарандардын ыңгайлуулуктары жана тейлөө ыкчамдыгын жогорулатуу, калкты документтештирүү жана каттоо жөнүндө маалыматты берүү үчүн иштетиле баштаган МККнын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан колдонууга болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mister
2016-08-10 14:23:19
Кайсы жерден текшерсе боло турган адрести кошо жазып койсонор болмок...
+2
Samchuk
2016-08-10 14:48:56
mister, Мамлекеттик Каттоо кызматынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан колдонууга болот деп турат го, бул кабарды окуп дароо порталына кирдим, онлайн операторлор дароо жардам берди суроолорума.
-1
Belek2070
2016-08-10 16:17:37
Samchuk, эй акылдуу ошол мамлекеттин каттоо кызматынын элоктрондук порталынын адресин жазып койсон.
+2
Samchuk
2016-08-10 17:02:15
Belek2070, мына http://grs.gov.kg/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан