2011-2015-жылдары мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн аскер кызматкерлеринин арасында 35 өлүм катталган. Каза тапкандардын бири жогорку билимдүү жаран болгон. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта маалымат жыйынында Мамлекеттик коргоо комитетинин Аскер башкармалыгынын Жергиликтүү органдар боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Руслан Абдрахманов билдирди.
Анын айтымында, аталган өлүмдөрдүн себеби өз өмүрүнө кол салуу, курал-жаракка этият мамиле кылбоо, уставдык эмес катнаштар болгон.
Абдрахманов: "Коомубузда "армияга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары гана барат" деген ойдун азайышына жогорку билимдүү жарандардын аскерге келүүсү түрткү болот", - деп кошумчалады.