Жалал-Абад облусунда көмөк чордондор оңдолуп, күз, кыш айларына карата даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта SUPER.KG порталына "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомунун маалымат кызматынан билдиришти.
"Учурда күз жана кыш айларына карата Жалал-Абад облусу боюнча даярдык кызуу көрүлүүдө. Бүгүнкү күндө жалпысынан 47 даана көмөк чордон толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Өнөр жайлык көмөк чордондор алмаштырылган. Мындан тышкары аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан бак-дарактар буталып, тазаланды", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.
Белгилүү болгондой, Ала-Бука районунда электр мамыларын суу ташкындарынан коргоо үчүн кошумча дамба курулган. Ал эми сай жээктериндеги мамыларды коргоо максатында суунун жээктери бекемделип, кошумча кубаттуулуктагы трансформаторлорду орнотуу иштери жүрүүдө.