Өзбекстандын Андижан облусунда буудай жана пахтанын планын толтурбаган фермерлердин үй мүлкү мамлекетке тартылып алынып жатат. Өзбекстандык ММКлардын маалыматына караганда, буга чейин мындай буйрукка Андижан облусундагы Андижан районунун акими Шухрат Абдурахмонов кол коюп, анын бул аракетин жергиликтүү кеңештин депутаттары колдоп беришкен.
Ага ылайык, бүгүнкү күндө аталган райондун Сыза айылындагы Надырбек Хакимов аттуу фермердин үйүндөгү тракторун жана килемдерин алып кетишкенин өзбекстандык ММКлар жазышууда.
Жергиликтүүлөр "Бул жылы жаан-чачын көп болуп, эгиндерге оору тийген. Планды аткарууга такыр мүмкүн болгон жок. Башка мамлекеттерде жаратылыш шартынан улам зыянга учураган дыйкандарга колдоо көрсөтүлсө, бизде, тескерисинче, "планды толтур" деп жазалайт" деп нааразы болушкан.