Ала-Бука районунун Ак-Там айылында 40 жылдык тарыхы бар Жамал каналы кайрадан ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта SUPER.KG порталына Ак-Там айыл аймагынын башчысы Мурат Узаков билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган канал 1976-жылы ашар жолу менен курулган. Каналды куруу демилгесин ошол кездеги активист Жамал аттуу мырза көтөрүп чыккан. Канал Ак-Там айылы менен Өзбекстандын Янги-Коргон районунун ортосунда жайгашкан.
"Бир топ убакыттан бери тазаланбай жаткан каналдын 500 метр аралыгы бетондолду. Аталган каналды чет элдик долбоор аркылуу ишке ашырдык. Жалпы чыгымына 1 миллион 880 миң сом жумшалды. Бул долбоорду ишке киргизүү менен 80 гектар жер сугат жерге айланды", - деп кошумчалады айыл аймак башчысы.
Белгилүү болгондой, каналдын ишке киришине айыл тургундары көмөктөшүп, 780 миң сом салым кошкон. Ал эми айыл амактын бюджетинен 168 миң сом бөлүнүп берилген.