Индиялык Шармила Иром аттуу аял 2000-жылы 28 жашында аскердик мыйзамга каршы ачкачылык жарыялаган. Кечээ, 9-августта ал ачкачылыкты токтотконун Индиянын ММКларына билдирди. Жалпы жонунан 16 жыл демократия үчүн ачка жүргөн айымдын аракети эч кандай натыйжа берген эмес. Мыйзам кабыл алынып, иштеп жатат, мыйзамды Шармила Иромдун ачкачылыгынан эч ким өзгөртүүгө батынган эмес.
Өкмөт аны ар дайым "өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган" деген жүйө менен кармап кетип, аскердик ооруканага жаткырышып, ал жерден колу-бутун байлап, тамак берип кайра чыгарышчу. Шармила Иром бул аракетинен майнап чыкпай турганын билип, саясатка барарын билдирген. Көптөгөн саясий партиялар ага партияга кошулуу сунушун билдиришкен, бирок Шармила эркин талапкер болорун айтып, сунуштардан баш тартууда.