Лейлек районунун Кулунду айылында өткөн жылы сел алган көпүрө 2017-жылы оңдолот

Лейлек районунун Кулунду айылында өткөн жылы сел алган көпүрө 2017-жылы оңдолот. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта SUPER.KG порталына Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

"Бул көпүрө 2015-жылы жаз айларындагы селден жараксыз абалга келген. Ал эми 2016-жылы 30-июлда дагы сел жүрүп, көпүрө биротоло жараксыз болуп калды. Жакында аталган көпүрөдөн оор жүк ташуучу унаа кулап кетти. Азыркы күндө көпүрөнүн жанынан жол ачылып, каттамга шарт түзүлдү", - деп кошумчалады район акими.

Маалым болгондой, аталган көпүрө Транспорт жана жол министрлигинин балансында турат. Район акиминин айтымында, көпүрөнү куруу иштери 2017-жылы ишке ашат.

"Учурда Раззаков жана Кулунду айылдарынын ортосундагы сайдын жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө. Биз бузулган көпүрө боюнча иш-аракеттерди көрүп жатабыз. Аталган көпүрө жана жол райондук администрациянын көзөмөлүндө", - деди Бекмуратов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Usow
2016-08-12 06:38:16
Баймурат ава ишинизге ийгилик Аллах ыраазы болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан