Балыкчылар Тынч океандын жээгинен 179 килограммдык балык кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, балыкчылар көлөмдүү балыкты Тынч океандын Аляска жээгинен кармашкан. Балыктын узундугу 2,4 метрге жетип, салмагы 179 килограммды түзгөн.
Жергиликтүү балыкчы Брайан Мэттсон маалымат булактарына балыкты кармап, аны көтөрүп бортко алып чыгууда кеменин краны жардамга келгенин айткан. Мэттсондун айтымында, ал өмүрүндөгү эң көлөмдүү балыкты биринчи жолу кармаган.
Кармалган балыкты балыкчылар кайра иштетүү үчүн атайын жайга алып келишкен. Бул жерден балыктын салмагын жана узундугун аныкташкан.