"Жалал-Абад электр" ачык акционердик коому электр энергиясы үчүн 6 айда 776 миллион 610 миң сом чогултту

"Жалал-Абад электр" ачык акционердик коому электр энергиясы үчүн 6 айда 776 миллион 610 000 сом чогултту. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта SUPER.KG "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Жыпариза Үмөталиева билдирди.

Маалыматка ылайык, чогултулган каражат пландалган 100 пайыздык чендин 99,3 пайызына жеткен.

"Жалал-Абад электр" план боюнча 6 ай ичинде 781 миллион 856 000 сом акча чогултуш керек болгон. Бирок бюджеттик мекемелердин жана “Электросила” жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөмдөрү өз убагында төлөбөгөндүктөн, пайыздык көрсөткүч планга жеткен эмес", - деп кошумчалады Үмөталиева.

Маалым болгондой, калктын дебитордук карызы жыл башында 132 миллион 560 836 сом болсо, бүгүнкү күндө ал көрсөткүч 122 миллион 635 765 сом болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан