Өкмөт сентябрь айында Чоң Памир жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирет

Өкмөт сентябрь айында Чоң Памир жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева бүгүн, 11-августта өткөргөн жыйында белгилүү болгонун өкмөттөн кабарлашты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругуна ылайык, Чоң Памир жана Кичи Памирде жашап, кыйынчылыктарга кабылган этникалык кыргыздарга азык-түлүк, дары-дармек жана башка күнүмдүк керектелчү товарлар гуманитардык жардам иретинде жеткирилет.

Учурда чек арадагы Пянж дарыясында суунун деңгээлинин жогорулашына байланыштуу андан унаа менен өтүү, жүктөрдү жеткирүү мүмкүн эмес. Ушул жылдын сентябрь айында суунун деңгээлинин азайышы күтүлүүдө. Ага 22 адам катышат, арасында медицина кызматкерлери да бар. Алар аталган жайда жашаган кыргыздарды медициналык текшерүүдөн өткөрүшөт. Гуманитардык жардамды жеткирүү үчүн өкмөттөн 10 миллион сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Ооганстандын Чоң Памир жана Кичи Памиринде 1500гө жакын этникалык кыргыздар жашашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Keremet008
2016-08-11 18:31:16
Атамбаев өзү барып келсе аябай жакшыыы иш кылган болот ле
+1
Keremet008
2016-08-11 18:32:37
22 элеби?.ошол байкуштарды анавы Чоң Алайдын эле бир жайлоосуна алып келип койгондо аста секин элге аралашып өздөрү менен өздөрү болмок. Чоң Алай аларга бейиш эле болмок
+2
Aldyiar
2016-08-11 19:20:50
Ошол кыргыздарды алып келсенер жакшы болот элеби деп ойлоймунда, аларга да кыйын экен памирде жашоосу.Ушунтип ар жылы гуманитардык жардам бербей эле алып келгиле кыргызстанга,канчалаган акча кетет алып келип жер бергиле,биздин кыргызстанда жер толуп жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан