Бүгүн Бишкекте УКМКнын кызматкерлерине салынган үчүнчү үйдүн ачкычтары тапшырылат

Бүгүн, 12-августта Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн курулган үчүнчү көп кабаттуу үйдүн ачкычтары тапшырылат.

Көк-Жар жаңы конушунда салынган 2 көп кабаттуу үйдүн ачкычтары үстүбүздөгү жылдын 14-январында тапшырылган болчу. Бүгүн ушул эле үйдүн жанында жаңы курулуп бүткөн үчүнчү үй пайдаланууга берилмекчи.

Эртең мененки саат 7ден тарта аталган аймакты милиция кызматкерлери курчоого алып, жол боюнда турган унааларды алдыруу иштерин жүргүзүштү. Жаңы үйдүн ичи сапёрлор тарабынан текшерүүгө алынып, коопсуздук максатында коңшу турган үйдүн терезелери толугу менен жаптырылды. Маалыматка ылайык, кызматкерлерге үй тапшыруу аземине өлкө башчынын жана башка бийлик өкүлдөрүнүн келүүсү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан