Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 2016-жылдын 1-июлуна карата 6 миллион 78 миң адамды түзүп, 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында 58 миң адамга же 1 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Улуттук статистикалык комитети билдирди.
2012-жылдан тартып калктын эмиграциясынын олуттуу кыскаргандыгына байланыштуу өлкөдөгү калктын санынын мындай өсүшү сакталууда.
"Калктын санынын өсүшүнүн көрсөткүчү Баткен жана Ош облустарында, ошондой эле Бишкек, Ош шаарларында республикалык көрсөткүчтөн бир нече (1,1 пайызга) жогору", - деп айтылат маалыматта.