Бүгүн, 12-августта Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү турак жайдын ачылыш аземи өтүп, президент Алмазбек Атамбаев жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы УКМКнын кызматкерлерин жаңы конуштары менен куттуктады. Анын айтымында, акыркы жылдары мамлекет күч түзүмдөрүнө болгон мамилесин кыйла өзгөртүп, жарандардын коопсуздугун камсыздагандарга жана өлкөнү коргогондорго жардам көрсөтө баштады.
"Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшыруу жакшы салтка айланды. Өлкөнүн мындан ары өнүгүүсү жана бекемдөөсү менен бул азем системдик мүнөзгө ээ болушу керек", - деди Атамбаев.
Андан соң президент чекисттерге кызматы үчүн, алардын үй-бүлөлөрүнө колдоосу жана түшүнгөндөрү үчүн ыраазычылыгын билдирди.