11-август күнү кечинде жана бүгүн эртең менен Таиланддын Пхукет аралында, Сурат Тхани жана Хуахин деген курорттук шаарларында бир катар жардыруулар орун алган. Жыйынтыгында 4 адам каза таап, 30га чукул адам жаракат алган. Алардын 10у чет өлкөлүк жарандар болгон. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги тарабынан жаракат алгандардын арасында Кыргыз өлкөсүнүн жарандары бар же жок экендиги тууралуу тактоо иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында өлкөбүздүн жарандары жок экендиги анык болду.
Учурда Таиланд полициясы Хуахин курорттук шаарына кетчү жолдорду жаап, шаарда жарылбай калган жардыруучу заттар бар болушу мүмкүн деген негизде издөө операциясын жүргүзүүдө.
Эскерте кетсек, бүгүн Таиландда Энелердин улуттук майрамы белгиленмек.