Ошто “түйүлдүктү таштандыга ыргыткан” деп айыпталган төрөткананын тазалык кызматкери түшүнүк катында төмөндөгүлөрдү билдирген:
“Мен 2011-жылдан бери Ош шаарындагы төрөтканалардын биринде тазалык кызматкери болуп иштейм. 9-август күнү жумуштан чыгып, үйгө бара жаткан маалда Ош облустук төрөт үйүндө санитарка болуп иштеген таанышым телефон чалып, "төрөт үйүнө кел" деди. Мен ал жерге барсам бирөө өлүү төрөп койгонун айтып, көрүстөнгө алып барып жашырып коюшумду суранды. Мен макул болуп, кызматыма 500 сом акча алдым. Түйүлдүктү материалга ороп жөө келе жатып Байтемиров көчөсүндөгү таштанды челекке эч кимге айтпастан таштап койгон болчумун”.
Тазалык кызматкери түшүнүк катты мамлекеттик жана расмий тилде жаза албагандыктан, тергөөчү анын айтып бергени боюнча жазып, окуп берип кол койдурган.
Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатканын жана ошого жараша кылмыш ишин козгоо маселеси чечилерин билдиришти.
Айта кетсек, 10-август күнү саат 14:00 чамасында Ош шаарынын Байтемиров көчөсүндөгү окуу жайлардын биринин тушунда жайгашкан таштанды таштоочу жайдан ак түстөгү материалга оролгон ымыркайдын жансыз денеси табылган. Ымыркайдын 5 айлык экени аныкталган. Бул кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 22 жаштагы тургуну кармалган. Анда ал өз эрки менен боюнан алдыртканын айткан.