Ошто таштандыдан табылган ымыркайдын жансыз денеси төрөткана кызматкерлери тарабынан ыргытылган. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Кармалган 22 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну күйөөсү жок кош бойлуу болуп калып, Оштогу төрөтканалардын биринде боюнан алдыртканын айткан. Алгачкы иликтөө иштеринин жыйынтыгына караганда, төрөткана кызматкери алынган баланы атайын жайга таштабастан, таштандыга ыргытып жиберген. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, иликтөө жүрүүдө.
Айта кетсек, 10-август күнү саат 14:00 чамасында Ош шаарынын Байтемиров көчөсүндөгү окуу жайлардын биринин тушунда жайгашкан таштанды таштоочу жайдан ак түстөгү материалга оролгон ымыркайдын жансыз денеси табылган. Ымыркайдын айына жетпей төрөлгөнү аныкталган. Ал эми “күкүк эне” милиция кызматкерлери тарабынан издөөгө алынган эле.