SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Төрөттөн кийин төшөктө..." деген тема талкууга алынууда.
Теманы ачкан колдонуучунун суроосу:
"Мен жакында эле экинчи наристелүү болдум. Төрөт учурунда жатыным айрылып кетип, көп кыйналдым. Эми күйөөм менен жатканда оору күчөп жатат. Жамаган жер бир аз кызыл болуп, катуу ооруйт, күйөөмө айткандан уялып жатам. Туура эмес тигип коюшканда ушундай ыңгайсыздык жаралабы, күйөөмдүкү такыр батпай жатат".
Темага калтырылган жооптор:
"Көрбөгөндөн кийин айтуу кыйын. Ошого тезирээк гинекологго барып көрүнүшүңүз керек. Өзүңүз да кыйналбайсыз, ойлонбойсуз, ишенимдүү да болот".
"Гинекологго барсаң атайын свеча болот, ошону жазып берет. Аны алгандан кийин оорубай калат".
"Кыркыңызды чыгарып, андан соң кошулуш керек эле. Ошондо айрылган жатыныңыз бүтөлөт болчу. Эми гинекологго барышыңыз керек".
"Мындай кыйынчылыкты Кудайым аялга гана берип коюптур. Күйөөңүзгө ачык айтып, түшүндүргөнүңүз оң".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.