12-августка караган түнү Москванын Рязанский кең көчөсүндө бычактан алган жараатынан каза тапкан Кыргыз Республикасынын жараны Атабек Мундузовдун (жердештери Нурик дешчү) сөөгү бүгүн, 13-августта мекенине жөнөтүлөт. КРнын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, анын өздүгү толук аныкталды.
Маалыматка ылайык, маркум 1980-жылы туулган. Ош облусунун Кара-Суу районунан болгон.
Кошумчалай кетсек, ал Москвадагы сыра сатуучу дүкөндөрдүн биринде каза тапкан. Белгисиз адамдардын кол салганынан улам аны менен кошо дүкөндүн сатуучусу да өлтүрүлгөн. Каршылык көрсөткөн дагы бир адам жаракат алган. Орусиялык басылмалар белгилегендей, бул ашынган улутчулдардын колунан келген кылмыш болушу мүмкүн.