Биз социалдык тармакта

"Түндүк электр" ачык акционердик коомуна абоненттер 500 миллион сомдой карыз

"Түндүк электр" ачык акционердик коому абоненттердин электр энергияга болгон карызын 10 миллион 800 миң сомго кыскартты. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 1-июль айына карата карыздын көлөмү 507 миллион 700 миң сомду түзгөн. Ал эми июль айында керектөөчүлөр электр энергияга болгон дебитордук карызын 10 миллион 800 миң сомго, тактап айтканда, 2 пайызга төмөндөткөн. Анын ичинен бюджеттик уюмдардын карызы 7 миллион 100 миң сомго жогорулаган.

"Электр энергияга болгон карызын өз маалында төлөбөгөндүгү үчүн 12 465 абоненттин жарыгы өчүрүлгөн. Мындан сырткары карыздын төмөндөшү Чүй облусунда 9 миллион 400 миң сомго, Талас облусунда 3 миллион 900 миң сомго кыскарган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан