Лейлек району II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 300 килемди көргөзмөгө алып чыгат. Бул тууралуу Лейлек райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Фарида Баетова билдирди.
"Көчмөндөр оюндарына карата кызуу даярдыктар көрүлүп жатат. Бул жолу Лейлек районунда жеке ишкерлер тарабынан колго токулган түрдүү көлөмдөгү 300 килемди жалпы коомчулуктун алдына көргөзмөгө алып чыгабыз. Көргөзмөгө коюлуучу килемдер улуттук чийүүлөр менен улут жүзү даңазаланып, жасалгаланган. Мындан сырткары 4 боз үй тигип, маданий сынакка да катышабыз", - дейт Баетова.
Бүгүнкү күндө Лейлекте II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата "Ыр кесе" маданий кечеси айылдар арасында өткөрүлүп жатат. Ийгилик жараткандар Ысык-Көлдө өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы. Ал эми Ош облусунун Ноокат району оюндун жүрүшүндө байыркы кыргыздын буюмдарын көргөзмөгө алып чыгууга камданууда.
"Учурда кызуу даярдыктар көрүлүп жатат. "Хан ордодо" боз үй тигүү боюнча маданий сынакка эки боз үй менен катышабыз. Тигилген боз үйгө ата-бабалар колдонуп жүргөн байыркы буюмдардын көргөзмөсүн уюштурмакчыбыз", - дейт Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев.