Баткенде чарбакерлер өрүктү экспорттоого шарт түзүп, баасын көтөрүүнү өкмөттүн Баткендеги өкүлүнөн суранышты

Баткенде чарбакерлер өрүктү экспорттоого шарт түзүп, баасын көтөрүүнү өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевден суранышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Баткен районундагы чек арага жакын жайгашкан Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн эли менен жолугушуу өткөрдү.

"Өкүлдүн эл менен болгон жолугушуусунда бир катар социалдык маселелер көтөрүлдү. Анда чарбакерлер өрүктү экспорттоого шарт түзүп, баасын көтөрүүнү суранышты", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Иш-чаранын жүрүшүндө Абиш Халмурзаев элдин талабын аткаруу боюнча иш-аракеттер көрүлөрүн белгиледи.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда калктын көпчүлүк бөлүгү өрүк өстүрүп, аны сатуу менен алектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Keremet008
2016-08-15 14:28:06
Ар кайсы мамлекетке экспорттосо жакшы болмок,тегел Кыргызстандыкы дегенди корбойсүң мМосквада кымбат өрүк кактар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан