Кырчын жайлоосунда 4-сентябрдан 7-сентябрга чейин дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде “Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалы уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, “Көчмөндөр ааламы” фестивалынын алкагында фольклордук, музыкалык жана бий топторунун, жеке аткаруучулардын, төкмө акындардын, манасчылардын өнөрлөрү тартууланат.
Маалыматка ылайык, Кытайдын маданият кербени өз өнөрлөрүн тартуулайт. Ошондой эле "Хан ордо" этношаарчасынын коноктору үчүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынан келген артисттердин жана өлкөнүн бардык облусунан келген маданий делегациялардын театрлаштырылган чыгармалары коюлат.