Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндө жана Манас кең көчөсүндө электр энергиясынын жоктугунан троллейбустар токтоп, жол тыгынын пайда кылды.
“Аталган көчөлөрдөгү троллейбустук чубалгыларда авария саат 12:30 чамасында катталган. Азыркы учурда оңдоо иштери жүрүп жатат”, - деп билдирди шаардык мэриянын басма сөз кызматы.
Ал эми шаарды электр энергиясы менен камсыз кылган “Түндүк электр” ишканасы төмөнкүдөй жооп кайтарды: “Троллейбус жүрүүчү чубалгылар өзүнүн трансформатору аркылуу электр энергиясы менен камсыздалат. Ал эми авария Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгынын ички тутумунда болгон. Буга биздин ишкананын эч кандай байланышы жок”.