Жалал-Абадда 70 ишкер катышкан жаштардын бизнес-форуму өтүүдө

Жалал-Абадда 70 ишкер катышкан жаштардын бизнес-форуму өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумдун башкы максаты тажрыйба алмашуу менен ишкердикти кеңири жайылтуу болуп саналат. Өлкөнүн бардык облустарынан 70 жаш ишкер форумга катышууга келген.

"Форумдун катышуучулары маркетинг негиздери, экспорт жана товарды тастыктоодон өткөрүү, коммерциялык ишмердүүлүктү жөнгө салуунун укуктук маселелери жана башка көптөгөн темалар боюнча эксперттик маалымат алышты. Ошондой эле ишкерлер бизнес жүргүзүүнүн сырлары тууралуу айтып берип, өздөрүнүн уникалдуу жеке тажрыйбасы менен бөлүшүштү", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Жаштардын бизнес-форуму Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен "Жаштар тынчтык жолу менен өзгөрүлүү үчүн” долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.

Маалыматка ылайык, форум эртең, 16-августта жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан