Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери текшерүү жүргүзүшүп, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык нормаларын бузгандарды аныкташты.
“Зелёная көчөсүндө (Куруучулар шаарчасы) жайгашкан дүкөндүн айланасында чөптөр чабылбай, санитардык нормалар сакталган эмес. Жумабек көчөсүндөгү айнек идиштерди кабыл алуу пунктунун жана Лермонтов көчөсүндөгү "Таатан" соода борборунун айланасында санитардык эрежелер бузулуп, таштандылар баш аламан ыргытылып, аларды чыгарууга келишим түзүлбөгөндүгү аныкталган. Курманжан датка көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринин жашоочулары жолдун жээгине курулуш таштандыларын ыргытып, калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузган”, - деп айтылат шаардык мэриянын маалыматында.
Мэриядан аталган даректердин ээлеринин аттарына Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин №489-беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилгенин кошумчалашты.