Ала-Бука районундагы 1-Май айыл аймагында 8 айылды бириктирген 11 миллион сомдук көпүрө курулууда

Ала-Бука районундагы 1-Май айыл аймагында 8 айылды бириктирген 11 миллион сомдук көпүрө курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта SUPER.KG порталына 1-Май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаев билдирди.

1-Май айыл аймагынын Үч-Терек аймагында буга чейин көпүрөнүн эскилиги жетип, кулап калуу коркунучунда турган. Учурда атайын долбоор менен көпүрөнүн курулуш иштери жүрүүдө.

"Көпүрөнүн курулушу мамлекеттик бюджеттен каржыланып, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан ишке ашырылган. Бул көпүрө курулуп бүтсө, 1-Май айыл аймагы менен Ала-Бука районун байланыштырат. Бул жолдун өлкө үчүн стратегиялык мааниси бар", - деп билдирди Шербаев.

Маалыматка ылайык, көпүрөнүн курулушу сентябрь айында жыйынтыкталат. Курулуш иштерин "РусӨмүр" жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Begim_4
2016-08-15 16:40:37
Жакшы жанылык.
0
BarsBaatyr
2016-08-15 16:45:50
11 млн дун ашып барса 5-6 млну жумшалат,бүткөндөн кийин жарым жыл бою КТРК дан мактанышат.Калганы сол чөнтөкө кетет.
0
surgeon777
2016-08-15 18:16:55
BarsBaatyr,буга да шугур дейли,акырындык менен жумуштар жасалып жатат,канча жылдап жок болгон копуро салынып атыптыр акыры
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан