Бүгүн, 15-августта Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Бишкектеги Аска-Таш комплексинин, Батыш автобекеттин, Көлмө конушунун, "Ала-Тоо" аянтынын курулуш иштери менен таанышып чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Калаа башчы "Манас" аэропортуна кетчү унаа жолунун жана Жибек-Жолунун Батыш автобекетинен Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жолдун четин тосуу боюнча иштер менен таанышып, ишти өз убагында бүткөрүүнү тапшырды. Андан сырткары Көлмө конушунун Теңдик көчөсүн асфальттоону жана көчөнү жарыктандыргычтарды орнотууну буйруду. Ал эми райондук бийлик башчыларына оюн-зоок жайларынын, дүкөндөрдүн, курлуш компанияларынын жетекчилерине өздөрүнүн объектилеринин сырткы көрүнүшүн жакшыртууну талап кылууну айтты.