Өлкөдө Курман айт майрамы болжолдуу түрдө 12-сентябрга белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
"Майрамдын белгилениши мал союп, колунда жок муктаж үй-бүлөлөргө таратуу менен айырмаланат. Курман айтта уй, кой, эчки, төө союуга болот. Ал эми канаттуу (тоок, үндүк, каз, өрдөк) союп Курман айтты өткөрүүгө ислам дининде уруксат берилген эмес", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалым болгондой, ислам дининде Курман айт майрамын белгилөө Орозо айт майрамынан 70 күндөн кийин белгиленет.