Орусияда ата-энеси таштап кеткен 3 айлыктан 1 жашка чейинки 5 наристе Бишкекке алынып келингенин 16-августта Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти. Министрликтин маалыматы боюнча, балдардын ташталганынын негизги себептери - энелери никеге расмий катталбагандыгы, туруктуу жашаган жана туруктуу иштеген жеринин жоктугу.
Балдар Москвадагы төрөт үйлөрүндө жана балдар үйүндө тарбияланып жатышкан. Үч наристе учурда Токмок шаарындагы балдар үйүндө, экөө Бишкектеги балдар үйүндө каралууда. Эгерде ата-энеси табылбаса, балдар башка жарандарга багып алууга берилет.