Бул рейтинг 2003-жылдан тарта жыл сайын жарыяланат. Рейтингде дүйнөдөгү эң мыкты делген 500 университет аныкталат. Бул жылы тандоого 2 миңден ашуун университет катышууга аттанганы менен, 1200ү гана өтүп, алардын арасынан 500 университет тандалганын "РИА Новости" басылмасы жазып чыкты.
500дүккө "Нобель" же "Филдс" сыйлыгынын лауреаттары болгон бүтүрүүчүлөрү, кызматкерлери бар, акыркы 10 жылда "Nature" жана "Science" журналдарында жарыяланган эмгектери бар, "Science Citation Index – Expanded" (SCIE) жана "Social Sciences Citation Index" (SSCI) индекстерине кирген көп сандагы макалалары бар университеттер кирет.
Бул рейтингди "ShanghaiRanking Consultancy" эркин коому түзөт. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча алдынкы ондукка АКШдагы Гарвард, Стенфорд, Берклидеги Калифорния университети, Массачусетс, Принстон, Калифорния, Колумбия жана Чикаго 8 университети, Улуу Британиянын Кембриж менен Оксфорд университеттери кирген.