Мындан 29 жыл мурун, 1987-жылы 16-августта советтик театр жана кино актёру, РСФСРдин Эл артисти Андрей Миронов каза болгон.
1958-жылы Вахтангов театрынын алдындагы Борис Щукин атындагы окуу жайга тапшырган. 1960-жылы "Бул сүйүү болсочу?" аттуу тасмасында алгачкы ролун жараткан. 1963-жылы "Үч кошуу эки" тасмасында башкы ролду жаратып ийгиликке жетишкен. 1966-жылы Андрей Миронов тартылган "Автомобилден абайла" тасмасы көптөгөн чет элдик сыйлыктарга ээ болгон. 1968-жылы 28-апрелде "Бриллиант кол" тасмасынын кеңири премьерасы болуп, рекорддук 76 миллион 700 миң адам чогулган. Андрей Миронов көптөгөн тасмаларга тартылып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.
1987-жылы 14-августта Ригадагы театрда мээсине кан куюлуп, спектаклде акыркы эпизодду ойногонго жетишпей калган. Эки күн бою анын дем алуусун жана жүрөк согуусун калыбына келтирүүгө аракет кылышкан. Бирок актёр 16-август күнү таңкы 5:35те каза болгон. Анын сөөгү 20-августта Москвадагы Ваганьков көрүстөнүнө коюлган.